Меню
Эл-Сөздүк

Дыйкан (фермер) чарбасынын менчик ээси

ДЫЙКАН (фермер) ЧАРБАСЫНЫН МЕНЧИК ЭЭСИ – дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөлөрүнүн биргелешкен менчигин билдирүүчү шарттуу түшүнүк, эгер атайын мыйзамда же алардын ортосундагы келишимде башкача көрсөтүлбөсө, дыйкан (фермерлер) чарбанын менчиги ушундай таризде деп эсептелинет. Дыйкан чарбасы өз менчигинде жер участоктору, турак үйлөр, чарбалык курулуштар, бак-дарактар, азык-түлүктүк жана жумушту мал, канаттуулар, айылчарба техникасы жана шаймандары, келишимдин негизинде өткөрүп берген жана чарба анын мүчөлөрүнүн жалпы каражатына сатылып алынган, башка мүлктөр болушу мүмкүн. Дыйкан чарбасы өзү өндүргөн азык-түлүккө жана аны сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешеге карата менчик укугуна ээ, бул кирешени ал өз каалоосуна жараша пайдаланат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: